7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Эрназар Акматалиев алтын медаль үчүн күрөшөт

916

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрназар Акматалиев  финалга чыкты. 

Маалыматка ылайык, кечээ 4-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта килемге чыккан Акматалиев жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында кабарланат.

Жарым финалдык беттешке чейин Акматалиев төрт беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.

Бүгүн, 5-октябрда финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн таймашат чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

917