7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 3 жылдан 5 жылга чейинки кепилдиги бар 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт

475

 2021-жылга карата ордо калаанын 41 көчөсүн оңдоо пландалган. Анын ичинен 14 көчө толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Азыркы учурда 27 көчөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Айдар Апсиметовдун айтымында, калаанын көчөлөрүн өнүктүрүү долбоорунун алкагында ушул айда дагы 10го жакын көчө шаардыктарга пайдаланууга берилет.

“Жыл аягына чейин 8 көчөнү бүткөрөбүз. Ал эми дагы 19 көчө 2022-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү. Түштүк Магистрал көчөсүн күн батышты көздөй узартып, Алыкулов көчөсүнө чейин кошобуз. Андан тышкары Сухе Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат. Көпүрө курулат. Бул жолдун баары Кытай грантынын эсебинен салынып жатат. Бишкектин жалпысынан 60 көчөсү калыбына келтирилет. Жолдун сапаты талапка жооп берет. Эгер жооп бербесе жолду куруп жаткан компания өз каражатынын эсебинен кайрадан куруп чыгат. Бул мыйзамда белгиленген. Жолдон башынан аягына чейин биз жана атайын комиссия көзөмөлгө алып турушат. Мыйзамга ылайык, курулуп бүткөн жол 3 жылдан 5 жылга чейин кепилдик берилет. Эгер бул жылдары жолдун сапатында маселе жаралса, жолду оңдогон компания өз эсебинен кайрадан оңдоп чыгат”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

476