7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык спортчу Алтынбек Мамашов кезектеги атаандашын нокаут менен утту

1375

Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов кезектеги атаандашын нокаут менен утту.

Маалыматка ылайык, Мамашов UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен кез келип, таймаштын экинчи раундунда аны сулата чапкан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен.

Беттеш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү.

Кыргыз мушкери аталган уюмда буга чейинки үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Мамашов ММА спортунда жалпысынан 17 беттешке чыгып, 15 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан.

Эскерте кетсек, Мамашовдун эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын 2021-жылдын жарым жылдагы мыкты нокауту деп табылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1376