7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Бир мандаттуу округдан талапкер болууга 381 жаран документ тапшырды

1358

Кечээ, 13-октябрь 18.00дө Борбордук шайлоо комиссиясы  Парламенттик шайлоого бир мандаттуу система менен катышуучу талапкерлердин документин кабыл алууну токтотту.

«КРнын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамына ылайык Жогорку Кеңешке депутат болуп  шайлоо күнү 25ке толгон, жогорку билими бар ар бир жаран эл тарабынан шайланып, депутат боло алат.

Эске салсак, 36 шайлоо округу түзүлгөн. БШК 13-октябрь кабыл алуу токтогондон кийин 381 жаран талапкер болууга документ тапшырганын жарыялады. Анын ичинен 31и аялдар, 350сү эркектер.  379ү талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн, ал эми 8 талапкерди 7 партия сунуштаган.

Эң көп талапкер -Кадамжай шайлоо округунда 19-талапкер , эң азы Ноокат жана Өзгөн шайлоо округдарында 4төн талапкер.

Документ тапшыргандардын баары эле талапкер эмес, БШК бир жума аралыгында документтерди карап, каттоого алат.

Облустар аралык салыштыруу :

  • Баткен облусу –3 шайлоо округ, 40 талапкер, алардын ичинен 4 аял.
  • Ош облусу – 9 шайлоо округ, 71 талапкер, алардын ичинен 3 аял.
  • Жалал-Абад облусу – 7 шайлоо округ, 63 талапкер, анын ичинен 3 аял.
  • Талас облусу – 2 шайлоо округ, 17 талапкер, аялдар жок.
  • Чүй облусу – 6 шайлоо округ, 73 талапкер, анын ичинде 3ү аял.
  • Бишкек шаары– 4 шайлоо округ, 38 талапкер,  ичинде 4 аял бар.
  • Нарын облусу – 2 шайлоо округ, 31 талапкер, анын ичинен 4ү аял.
  • Ысык-Көл облусу – 3 шайлоо округ, 48 талапкер, ичинде  10у аял.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1359