Кара-Балтада турак үй өрттөнүп 61 жаштагы П.Р. аттуу аялдын бети күйүп калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ульяна Громова көчөсүндөгү жыгач устунду шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры жана конок бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын айынан үй ээси бет жагынан жеңил күйүк алган.
Тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлүп, учурда өрттүн себеби такталууда.