7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында көз жумду

1454

Бүгүн, 16-октябрда 84 жаш курагында Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Майрамкан Абылкасымова көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Ал 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. М.Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен, 2005-жылы III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган. 1980-жылы Кыргыз Эл акыны наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педа.гогика институтунда иштеген.1961-жылдан 1991-жылга чейин «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле «Аялзат» гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген.

1952-жылдан тартып акындын алгачкы ырлары жарык көрө баштаган. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон», «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

Белгилей кетсек анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1455