Таласта 14 жаштагы өспүрүм баланын өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу Облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Таластын Манас районунда 15-октябрда таңкы саат бештерге жакын өспүрүм бала Чоң-Капка айылындагы жолдун четинен табылган. Ал жол кырсыгында мүрт кеткендигин милициялар айтышууда.
«Өспүрүм Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу экени аныкталды. Окуя болгон жерде белгисиз автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи калган»,-дейт билдирүүдө.
Аталган факты Манас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.
Эскерте кетсек, милиция бул автокырсык тууралуу кабардар кишилерди 0701 38 38 79, 0500 34 91 91, 0755 102 108 номурларына чалып, маалымат беришин өтүнөт.