7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлдабекова: Добуш берүүнүн купуялуулугуна кепилдик берем

820

Парламенттик шайлоо учурундагы добуш берүүнүн купуялуулугуна толук кепилдик берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, БШК добуш берүүнүн купуялыгынан тышкары алардын так саналышына да шайлоочуларды ишендире алат.

Добуш берүүнүн купуялуулугу толук кепилденет. Кимдир бирөө басым кылган учурда да биздин шайлоо системасында өз тандоосун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк жана шарт түзүлгөн. Ошондуктан, шайлоочу, сиздин кимге добуш бергениңизди эч ким билбейт. Өз эркиңиз менен добуш берүүгө чакырам. Жалпы шайлоо системасы ар бир добуш так санала турганына да кепилдик берет”, — деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

821