7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 8-класстын окуучусун өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

900

Таласта 14 жаштагы өспүрүм баланы өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын сөөгү 15-октябрда таңкы саат бештерге жакын Манас районунун Чоң-Капка айылындагы жолдун четинен табылган. Милицияга жергиликтүүлөр кабарлашкан.

Маркум Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу болгон. Окуя болгон жерде белгисиз автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи калган.

Аталган факты Манас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Милиция бул автокырсык тууралуу кабардар кишилерди 0701 38 38 79, 0500 34 91 91, 0755 102 108 номурларына чалып, маалымат беришин суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

901