7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9 ай ичинде 50 725 жаран пенсияга чыкты

799
Соцфонд 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 50725 жаранга пенсия чектеген. Бул тууралуу аталган кызматтын расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык 2021-жылдын август айында 4235 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 699 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.
 1-октябрдан баштап өлкөдө пенсия орточо 378 сомго көбөйдү. Социалдык фонд пенсия төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгып, кошумча дагы 744 миллион сом бөлө турган болду.
Азыр Кыргызстанда 648 миңге жакын жаран пенсия алат. Алардын 38 пайызынын алган акчасы жашоо минимумуна жетпейт. Ошондо, пенсия алуучулардын 13 пайызына 4 миң сомго чейин, ал эми 14 пайызына 3 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнөт.

Социалдык фонд мурда пенсияга деп 3,5 миллиард сом сарптачу. Ушул айдан баштап пенсияга деген каражат 3,8 миллиард сомду түзүп калат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800