7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жооптуу катчы Апенов кызматынан бошотулду, ал 170 миң сом акча алып кармалган

639

Апенов Таалайбек Бекболотович Президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-октябрда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Апенов аталган кызматка ушул жылы май айында дайындалган болчу. Ал 18-октябрда 170 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эркинен ажыратылган жарандарга ырайым берүүдө жана аларды мөөнөтүнөн мурда бошотууда коррупциялык схема түзүлгөн. А.Т.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, С.Н. аттуу жаранды ырайым бериле турчу адамдардын тизмесине кошуу үчүн андан 170 миң сом акча опузалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640