Баткен облусунун Кадамжай районундагы мамлекеттик чек араны кечип өтүп бара жаткан 1996-жылы туулган Э.К. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал “Mercedes-Benz Sprinter” автоунаасына жүктөлгөн 3 тонна жүзүмдү Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүнү көздөгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кийинчерээк Баткен облусундагы Күнбатыш тилкесинде Тажикстандын аймагынан Кыргызстанга алынып келинген жүзүмдү жүктөп жаткан жеринен кыргыз жараны Р.Б. аттуу жаран кармалган.
Ошондой эле Баткен районунун Кызыл-Кыяк тилкесинде кыргыз жараны Р.С.нын башкаруусундагы “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, Сох анклавынан Кыргызстанга 4 миң 500 килограм лимон алып кирүүгө аракет кылып жатканы аныкталган.
Ал эми 24-октябрда Баткен районуна караштуу Үч-дөбө айылында “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалып, айдоочусу из жашырып кеткен. Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаанын ичинен 20 тонна алма табылган.
Жогорудагы мыйзам бузуулар катталып, кармалган айдоочулар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.