Маалыматка ылайык, учурда 50 адам стационардык дарылануудан өтүүдө.

“Темир жол ооруканасына 13, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 12 адам, Улуттук госпиталга 24 адам, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна — 1 адам кайрылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жашаган жеринен амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланган факт катталган.