7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлер мындан ары 1 миллион долларга чейин насыя ала алышат

604

27-октябрда кол койгон токтомго ылайык, Өзбекстанда ишкерлер мындан ары 1 миллион долларга чейин насыя ала алышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти кол койгон токтомдо насыя улуттук валюта менен берилет.

Насыянын Борбордук банктын базалык ставкасынан (14%) ашкан бөлүгүнүн үстөк пайыз чыгымдары ишкерлерге кайра кайтарылат. Компенсацияны Ишкерликти колдоо фонду төлөп берет.

Белгилей кетсек, 1-ноябрдан баштап документте Өзбекстандын атынан ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн эл аралык каржы институттарынан жана чет өлкөлүк өкмөттүк уюмдардан алынган насыялар долбоорго катышкан каржы уюмдары тарабынан 10 жылдан кем эмес мөөнөткө кайра каржыланары да жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605