7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионаты: Акыйкат Күлжигит уулу атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

762

Бүгүн, Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө.

Маалыматка ылайык, 55 килограмм салмакта кыргыз балбаны Акыйкат Күлжигит уулу алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда жергиликтүү Себастьян Коломпар аттуу балбан менен кез келген.

Биринчи бөлүктө кыргыз балбанына 1 упай берилип, сербиялык балбан партерге коюлду. Тилекке каршы, партерден кыргыз балбаны упай ала алган жок.

Экинчи бөлүктө Күлжигит уулу атаандашын килемден түртүп чыгарып, дагы бир упай алып, атаандаш активдүү күрөш көрсөтпөгөнү үчүн дагы партерге коюлду. Акыйкат Күлжигит уулу 6 упай алып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763