7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванда көп жылдан бери мыйзамсыз акиташ чыгаргандар аныкталды

705

Араванда мыйзамсыз акиташ чыгарып келген жайлар аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан 8 от казан курулуп, тиешелүү кызматтардан эч кандай уруксат кагаз албай, көп жылдан бери мыйзамсыз акиташ чыгарып келишкен. Натыйжада экологияга чоң зыян келтирилип, аталган жайга чоң көлөмдөгү таштанды топтолуп калган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош облустук экология кызматы, Араван райондук салык кызматы жана РЭС жетекчилери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар 1-декабрь күнү ишмердүүлүгүн токтотуп, экологияга келтирилген зыяны үчүн айып пул салынат. Мындан сырткары буга чейин топтолуп калган таштандыны тазалашат.

Эскерте кетсек, бул жайда иштеп жаткан жергиликтүү тургундарга мыйзамдуу түрдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706