7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө ичинде 1 жарым млдр акциздик салык жыйналбай калуудабы?

739

Кыргызстанда 1 миллиард 600 миңге жакын акциздик салык жыйналбай калууда. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Алмазбек Токторов,  Экономика жана фискалдык саясат министринин орун басары Бекболот Алиевден акциздык салык тармагындагы көмүскө экономика канча деп сурады.

Алиев, тамеки жана алкогольдук ичимдиктерди ташып келген компаниялардын иликтөөсүндө көмүскө экономика 40%га жетип калгандыгы айтылаарын, бирок бул маалымат так деп айтууга да болбосун билдирди.

«Акциз тармагындагы көмүскө сооданын көлөмүн так аныктоо үчүң атайын эл аралык уюмдарга кайрылып, иликтеш керек. Бирок бизде азырынча андай иш боло элек. Андыктан ушул тармакта иштеген компаниялардын өздөрү жүргүзгөн анализине таянуудабыз«-дейт.

Ошону менен бирге бул тармактагы көмүскө сооданы жөнгө салуу үчүн ушул жылдын июл айынан маркировка талабы киргизилгенин, 2022-жылдын 1-январынан тартып маркировкасы жок тамеки же алкогольдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынаарын айтты.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы тамекиден 4 млрд 691 млн сом акциз салыгын чогулткан. Ошо эле учурда аткезчилик жол менен кирген  176 миң 19 таңгак тамеки таризделип, 19 млн 767 миң сом алынганын билдирди.

Кыргызстанда акциздик салык 2250 сом, 8 импорттоочу компания бар болсо алардын 5 ири ири компания  болуп эсептелет.

Акциздик салык,

  • Арменияда — 1881 сом
  • Россияда- 2700
  • Казакстанда- 2200
  • Беларусия- 2789 сом.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740