7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Медет кызы алтын утуп, дүйнөнүн чемпиону болду (ВИДЕО)

1174

Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Башында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөшүп, алгач эле бутуна кирип эки упай топтой алды. Көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздаган.

Чейрек финалда дагы кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша аттуу спортчунун далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык Кайли Рени Велкерди 8:0 эсебинде утуп алды.

Финалда мекендешибиз колумбиялык Татьяна Рентериага менен беттешип, эки балбан тең башында бирден упай топтошту. Акыркы мүнөттөрдө Айпери атаандашынын белине өтүп, эки упайды жулуп кетти.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1175