Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен чыккан өрттөн улам каза болгон кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте тигүү цехинен өрт чыгып, ал үйдө жашы жете элек кыз А.А. бар экени аныкталган. Ал 2017-жылы туулган. Өрттүн кесепетинен ошол жерден каза болгон.
Бул факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда цехтен чыккан өрттөн улам 4 жашар кыз көз жумган.