Бишкектеги Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тигүүчү цехтен чыккан өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон. Азыр аты-жөнү такталууда.
Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метр. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.