7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 айга жакын уурулук кылып жүргөн 50 жаштагы жаран кармалды

461

Ысык-Көлдө алты айга жакын уурулук менен алектенип жүргөн 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүйдүн тургуну алты айга жакын батирдик уурулук менен алектенип жүргөн.

«Чүй облусунун Малиновка айылынын С.Ж тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон. Шектүү ушул жылдын март айынан тартып Булан-Сөгөтү жана Бактуу-Долоноту айылдарында бир катар үйлөргө уурулук жасоого үлгүргөн. Акыры ал ушул аптанын шаршемби күнү Бостери айылынан кармалган.

Кармалган жаран батирдик уурулуктун 6 учуру боюнча күнөөсүн моюнуна алууда. Милиция кызматкерлери тактагандай, шектүү уурулук фактыларын күндүзгү мезгилде жасап жүргөн. Үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезе аркылуу батирлерге жана жер үйлөргө кирип, негизинен алтын зер буюмдарды алып, аларды базарлардан жана башка соода түйүндөрүнөн сатып жүргөн.

Жабырлануучуларга жалпы 265 миӊ сомдон ашык материалдык зыян келтирген»,- дейт милиция кызматкерлеринин айтымында.

Аталган фактылар боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин «уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улануда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462