«КР Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамынын 21-1-беренеси “Административдик ресурусту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Идаев Бекмурза жана ошол эле кафедранын окутуучусу Жандозов Раимбек 23-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында “Азаттык” саясий партиясынын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу өткөрүлүп жаткан жолугушуусуна студенттерди алып баргандыгы үчүн факультеттин деканы Бакыт Муратбаевге эскертүү, окутуучулар Бекмурза Идаевге, Раимберди Жандозовго сөгүш берилди«-деп жазылат расмий маалыматта.
Кечээ, 3-ноябрь Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясынын эл менен жолугушуусу болуп өткөн. Жарандык журналист Ыдырыс Исаков аталган партиянын жолугушуусуна студенттерди сабак учурунда үгүт жолугушууга алып баруу болгону тууралуу материал жарыялады.
https://www.youtube.com/watch?v=aFxZ4_NiVso
Бул окуя боюнча Ош мамлекеттик Университетинин жетекчилик жамааты ыкчам чара көрүп бир нече окутуучуларга сөгүш, деканга эскертүү берди.