7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

768

Президент Садыр Жапаров  «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн деп токтом кылат:

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.

Мындан тышкары, аталган Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан “, тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алып салынды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769