Ырчы Аваз Акимов менен Айдана Дека жаңы батирлүү болушту. Бул тууралуу ырчы Айдана Дека инстаграм баракчасына билдирди.
«Мен бул батирди абдан жакшы көргөндүктөн ыйладым. Эң сонун көз ирмемдер ушул жерден өттү. Балдарыбыз ушул үйдө чоңойду. Ариананын алгачкы кадамдары…
Бул батирди абдан жакшы көрөм, анткени ал жерде жолдошум экөөбүздүн өткөргөн бактылуу күндөрүбүз калды»,-деп билдирди ырчы айым
Ошондой эле жаңы үй алып кубанып турганын жана буга чейин жашап жаткан батирин үй-бүлөлүк досу ырчы Илгиз Абдалиевге сатышканын билдирген.
Белгилей кетсек, Аваз Акимов менен жубайы жаңы турак жайын ата-энесине сюрприз түрүндө айтышты. Тагыгаары, түгөйлөр ата-энесине ресторанга барабыз деп, жаңы үйүнө алып барышкан.