7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

12 жаштагы кызды «алам» деп алдап, жыныстык катнашка барган жаран соттолду

2765

Бишкектин Биринчи Май райондук соту КР Кылмыш-жаза кодексинин «Он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу жана башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча 23 жаштагы «С.Ж.» аттуу жаранга өкүм чыгарды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит жашы жете элек кызды бир нече жолу зордуктаган. Ал учурда кыз 12 жашта болчу. Жигит ага үйлөнөм деп алдап кеткен.

«Соттун жүрүшүндө кыз айыпталуучуга койгон дооматынан баш тартты. Мындан тышкары, ал тергөө учурунда атасынын кысымы менен ага жалаа жапканын билдирген. А.С.нын айтымында, ал соттолуучу менен өз эрки менен жыныстык катнашка барган, ал тараптан эч кандай зордук-зомбулук болгон эмес. Ал эми С.Ж. өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, А.С. менен өз ара макулдашып, жыныстык катнашка барышкан», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Соттун жыйынтыгында С.Ж. күнөөлүү деп табылып, бирок ага карата козголгон кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2766