Караганда облусундагы Абай шахтасынан метан чыгып, алты киши каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр шахтада жалпы 64 киши иштеген. Окуя кечээ күнү болуп, кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болгон жана жабыркаган эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылат. 56 адам сыртка чыгып кетүүгө жетишип, сегиз киши чыга албай калган.
«Учурда шахтада тазалоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча метан жарылган. Жардыруунун жана каза болгондордун себеби такталууда. Экспертизанын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат»,-деди Ички иштер министри Эрлан Тургумбаев.
«Абай шахтасын май айында эле жабуу үчүн сотко доо жөнөтүлгөн. Бирок текшерүүдө кемчиликтер жоюлганы маалым болгондуктан кайра иштөөгө уруксат берилген. Кырсыктан кийин шахтанын иши убактылуу токтотулду»,-деди ӨКМ башчысы Юрий Ильиндин.
Ошондой эле бул жакта маал-маалы менен метандын топтому чыгып турган, бирок адам өмүрүнө көп коркунуч келчү эмес. Адатта 5 пайыздан 16 пайызга чейин уулуу зат бөлүнүп турган. Соңку каргашада бөлүнүп чыккан метан 41 пайызды түзгөнүн министр белгиледи.