7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун түштүк аймагы боюнча лидери кармалды

803

КР түштүк аймагы боюнча «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, КР түштүк аймагы боюнча «Хизбут-Тахрир» ДЭУ лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2021-жылдын 4-ноябрында, Өзбекстан Республикасындагы «Хизбут-Тахрир» ДЭУ ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында «Хизбут-Тахрир» түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн, Өзбекистан Республикасы тарабынан издөөгө алынган Ш.Ш. аттуу жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Такталган боюнча, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды.
Топтолгон далилдердин негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ш.Ш. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804