Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрда «102» кызматына Тогуз-Торо районунундагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-жылы туулган Б.к.Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
9-ноябрь күнү издөө иштери улантылып, жалпы 69 адам Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүштү.
Кечки саат 10:45те Б.к.Д.нын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.