Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Азаттык» партиясынан талапкер болгон Мунарбек Сайпидиновду тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми Сайпидиновдун жакындары, ал өз арызынын негизинде, шайлоого катышуудан баш тарткандыгын айтышууда.
Чечим кечээ, 9-ноябрда кабыл алынган. Мунарбек Сайпидинов Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Ошол учурда мектептин спорт залынын сметалык баасын атайын жогору көрсөтүп, 1 млн сомдон ашуун зыян келгендиги боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, 11-январда Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кармаган.
Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн. 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.
Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Сайпидиновго карата козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон.