«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады«-деп жазат өлкө башчысы Садыр Жапаров.
Өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүп бараткандыгы байкалат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров да тынчсыздануусун билдирип, эмдөөдөн өтөт элек жарандарды, вакцина алууга чакырды. Президент мындай пикирин социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.