Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дары-дармектердин бааларын жөнгө салуу боюнча протоколу чыккандан кийин, Ведомстволор аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү дары-дармек каражаттарынын баасын төмөндөтүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөну жазылат.
Биринчи этапта жашоого маанилүү деп эсептелген дарылар жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектери аныкталып, алардын дүң жана чекене баалары 10% дан 68% га чейин төмөндөтүлгөн.
«Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө» -дешет.
Баалардын реалдуу абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү үчүн дарыкана түйүндөрүндөгү бааларды төмөндөтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтында жайгаштырылып, коомчулукка жеткирилип турат.