7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистанда кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн Малала турмушка чыкты

782

Пакистанда кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн Малала Юсуфзай турмушка чыкты. Ал Нобель сыйлыгынын эң жаш лауреаты.

Малала болочок күйөөсү Ассер Малик менен Британияда мечитте нике кыйдырышканын, үйлөнүү үлпөтү Бирмингемде ата-эне жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөнүн жазды.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде ал кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн. Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен. Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген.

2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерек Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болгон.

Малала кыздардын билим алуусу үчүн ишин улантып, Malala Fund аттуу уюм түзгөн. Бул уюм 2017-жылдан бери Ооганстандагы балдардын билим алуусуна 1,9 млн доллар инвестиция салган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783