Президент Садыр Жапаров ТМКК саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы Стамбул шаарындагы “Ататүрк” эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто ТМКК катышуучу-мамлекеттеринин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилген.
Ошондой эле, саммит аянтчасында Президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Эске салсак, сапар алкагында Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.