7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө темир дарбаза уурдаган 3 жигит кармалды

800

Чүйдө темир дарбаза уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү Аламүдүн районунунда жарандын темир дарбазасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн унаа аныкталып, 1997-жылы туулган Т.Н., 2001-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган П.Б. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкен.

Кармалган шектүүлөрдүн дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөө убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801