7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирзиёев Кыргызстан менен товар жүгүртүүнү 1 млдр долларга чыгаруу ниетин билдирди

524
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Жапаров Мирзиёеви  Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, эки элдин кызыкчылыгын көздөгөн ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген жана Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирди. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, Өзбекстандын лидери каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.
Ошондой эле, ал жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусунун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525