Бишкекте интернет дүкөнү аркылуу баңгизатын сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1994-жылы туулган К.А. жана Д.С. аттуу жарандар кармалды.
Жүргүзүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жашаган жеринен компьютерлерди, ноутбуктарды, Wi-Fi-роутерлерин, уюлдук телефондорду, орусиялык көптөгөн сим-карталарды табышкан.
Шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Октябрь райондук соту шектүүлөрдү чет жакка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын колдонгон.