Кыргызстанда мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга болгон баалар 8,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика камитети билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга өстү.
Жашылчалар — 8,5 пайызга, жемиштер — 7,9 пайызга кымбаттап, баалардын эң көп бадыраңга — 2,2 эсеге, помидорго — 1,8 эсеге, капустага — 13,7 пайызга, картошкага — 9,0 пайызга, кулпунайга, малинага — 6,6 пайызга жана апельсинге — 5,7 пайызга кымбатташы белгиленди.
Картошканын чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн эң көп Кара-Балта (кг үчүн 35,60 сом), Баткен (кг үчүн 36,19 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 37,23 сом) шаарларында ашты. Анын минималдуу баасы Талас (кг үчүн 25,94 сом), Балыкчы (кг үчүн 27,27 сом) шаарларында жана Чаек айылында (кг үчүн 1 кг 26,00 сом) байкалды.