7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлигиндеги коррупция: Ташиев ишкерден 100 млн сом өндүрдү

808

Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу коррупция фактысы боюнча 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, КР Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушканы боюнча УКМК тарабынан иликтөөгө алынган. Натыйжада Айыл чарба министрлигинин ведомствосунун башчысынын орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары жеке менчик ишканалардын биринин ээси “С.Э.” менен бирдикте кармалып, сот жообуна тартылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү “С.Э.” келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809