Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, А.Э. аттуу жаран өзүнүн 13 жаштагы кызы (Мырзайым Каниметова) 14-ноябрда саат 15:00дө Жантөшев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айтып, арыз менен кайрылган.
Ошол замат Октябрь РИИБнин шаардык милициясынын төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон кызды издөө иш-чалары жүргүзүлгөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө кыз Шота Руставели көчөсүндө жайгкашкан курбусунун үйүнөн табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Өз кезегинде кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине өз убагында ыкчам чара көрүп, жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.