Салмагы 12 тонна, бийиктиги 24 метр болгон жаңы жылдык балаты Нью-Йорк шаарында коюлууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аны Мэриленд штатынан алып келишкен. Балаты Манхэттендин борборундагы Рокфеллер аянтына орнотулууда.
Ошондой эле балаты 50 миңден ашык түстүү лампалар жана гирляндалар менен кооздолот. Анын чокусуна 3 миллион Swarovski кристаллдары менен капталган 408 килограмм салмактагы чоң жылдыз орнотулат.
Эскерте кетсек, Салт боюнча Нью-Йорктун Рождество майрамынын символун жандыруу аземи 1-декабрда болот.