Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:
Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;;
Алишеров Нурдин Куванычбекович — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;;
Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Бопушева Жылдыз Жоробековна — Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
Борубаев Самат Нарматович — Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;;
Кененбаев Чынгыз Токтобекович — Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Мамбетов Азамат Муратович — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
Мамыров Кутман Омурзакович — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Мойдинов Исламбек Жанышович -Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Сагымбаев Абдисамат Акимович — Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
Шадыханов Калысбек Токтосунович — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич -Юстиция министрлигинин статс-катчысы.
Белгилей кетсек, аталган чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КРнын Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган.