Бүгүн, 15-ноябрда социалдык тармактарда «Чек арачылар курулуш материалдарын ташып бараткан жарандын акчасын алып койду” деген маалымат тараган. Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү, териштирүү жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, жабырлануучубуз деген айдоочу менен аларды текшерүүгө алган “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен бетме-бет кезиктирүү болот.
Учурда, Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча аскер кызматкерлеринин тиешеси бар-жогу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Эгер, окуяга чек ара кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги тастыкталса, териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына КРнын мыйзамдарынын негизинде аскер кызматкердин жоопкерчилигин кароо үчүн берилет.
УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жана башка укук бузууларга дуушар болгон жарандарга 0 (312) 54 43 06 Чек ара кызматынын ишеним телефонуна же pressagpskg@gmail.com. электрондук дарегине кайрылууларды, билдирүүлөрдү жана арыздарды калтырса болот экендигин эскертип кетет.
Эскерте кетсек чек аранын баардык тарамдарында, көзөмөл-өткөрүү жайларында жарандарга жардам бере ала турган жана көмөк көрсөтө ала турган тиешелүү компентенттүү органдардын ишеним телефон номерлери бар маалымат тактайчалары орнотулган.