7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний-экстремисттик жана террористтик идеологияны тараткан 63 сайт аныкталды

448

9 айда диний-экстремисттик жана террористтик идеологияны тараткан 63 сайт аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду.

«Бул жаатта мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык активисттер, коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Себеби, социалдык тармактардагы диний экстремизмдин алдын алууда бир эле ички иштер органдары эмес, бардык кызыктар тараптар менен биргеликте күрөш жүргүзүү өзүнүн жыйынтыгын берет деген ишеничтебиз жана практика жүзүндө көрүп жатабыз.

Мындан сырткары, “Онлайн кайгуул” аттуу долбоор бар. Анын негизги максаты — интернет жана социалдык тармактардагы таратылып жаткан ар түрдүү диний экстремисттик мүнөздөгү материалдарга мониторинг кылуу жана аларга карата антипропагандалык материалдарды таратуу болуп саналат.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынан чакырылган 100дөн ашуун лидерлердин катышуусу менен 3 жолу чоң семинар-тренинг өткөрүлдү»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, мурда диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү, жактоочулары ошол уюмдардын идеологияларын түздөн-түз, баракчалар, китепчелер аркылуу жайылтып келишкен болсо, азыркы учурда жаңы технологияларды, социалдык тармактарды кеңири колдонуу менен иш алып келишет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

449