7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова АКШнын Филадельфия шаарында мекендештер менен жолугушту

639

АКШнын Филадельфия шаарында Айсулуу Тыныбекова мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу спортчу кыз өзүнүн инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.

Маалыматка ылайык, Айсулуу кыргызстандыктарды бир жерге чогулткан “Кыргыз ынтымак” фондусуна ыраазычылык билдирип, кыргыз эли ынтымактуу эл экенине дагы бир жолу ынанганын жазат.

» Чынын айтканда, ушундай жылуу тосуп алууну күткөн эмес элем. Баары сонун болду, жолугушууну уюштуруудан баштап, жагымдуу атмосферага чейин. Иш-чара келгендер менен көп нерсени сүйлөшүп, көп нерсени айтып, кызыктуу жана маанилүү суроолорго жооп берүүгө жетиштик. Уюштуруучуларга ушундай сонун жолугушуу үчүн жана мени көрүп, колдоп келгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!

Айсулуу Тыныбекова Филадельфияда жекшемби күн сайын кыргызстандыктардын балдарына эне тил боюнча сабак өтүлүп жатканын белгилеп кетти.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640