7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен АӨБнын ортосундагы кредиттик, гранттык макулдашуу ратификацияланды

538

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: 10,7 млн — грант жана 69,3 млн — кредит 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге 1% үстөк пайыз менен, негизги мезгилде 1,5% үстөк пайыз менен берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539