Кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейн курамасынан утулуп калды. Жолдоштук беттеш Эр-Риффа шаарында (Бахрейн) өттү.
Эсеп 4:2.
Бахрейндин дарбазасына 16-мүнөттө Валерий Кичин, 24-мүнөттө Одилжон Абдурахманов гол киргизди.
Буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапур курамасын уткан болчу.