Өлкөдө бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ноокен районунун Масы айылында турак үйдүн 110 чарчы метри, 5 эшик, 5 терезе, 1 жумшак эмерек, 15 төшөк, 1 шкаф, 53 рейка күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районундагы “Азирети-Нух” мечитинин 18 чарчы метри, пол жана дубалы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын чыңалуусунан болгон.