Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мектептин кошумча корпусу күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Чет-Булак айылындагы Абдыжапаров атындагы орто мектептин имаратынын чатырынан өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМге саат 00.10до түшкөн.
Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм, 10 куткаруучу жана ӨКМдин штабы тартылган. Саат 01.03тө өрт локализацияланып, саат 07.10до толугу менен өчүрүлгөн. Анын кесепетинен имараттын 480 чарчы метр толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.