Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-ноябрда болжол менен саат 22:00 чамасында Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
Документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган М.Д. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга чара көрүү үчүн Октябрь РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.