Калкты COVID-19га каршы максималдуу эмдөө максатында 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-ноябрына карата республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен калктын 46%ы, экинчи дозасы менен 37%ы эмделди. Бир жума мурун Бишкек шаары кызыл зонада, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустары сары зонада, ал эми Нарын облусу жана өлкөнүн түштүк аймагы «жашыл зонада» болгон.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата Бишкек шаары “кызыл зонадан” “сары зонага” өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары “жашыл зонага” кирди, “кызыл” зонада бир дагы аймак жок. Жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга оң таасир этүүдө.
Белгилей кетсек, 12-ноябрда өлкөгө коронавируска каршы «Спутник-Лайт» вакцинасы 200 миң дозада келген, вакцина бир дозалуу.